Атайын эсепке УКМК тарабынан дагы 20 миллион сом которулду

758

Жемкорлордон кайтарылган каражат үчүн ачылган атайын эсепке Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 129 миллион 600 мин сом которулду. Атайын эсеп ачуу боюнча буйрукка президент 16-майда кол коюп, ал 3-июлдан тарта иштей баштаган.

УКМКнын билдирүүсүнө караганда, өткөн жумада алар Финансы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине 20 миллион сом өлчөмүндөгү каражат которушкан.

Жыйынтыгында, коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында алар мамлекетке 130 миллионго жакын акча кайтарып беришти.