Атайын сигнал колдонгон унаа УКМКга таандык эмес (видео)

978

Атайын кызматтарга гана колдонууга уруксат берилген жабдыктарды пайдаланып жол эрежесин бузган айдоочу кармалды. Ага карата патрулдук милиция тарабынан протокол түзүлүп, айып пул салынып, машинасы камакка алынды. Буга чейин жарандык активисттер 0003ВВ номурлуу кара түстөгү жол тандабастын айдоочусу эрежени одоно бузганы тартылган видеону жарыялашкан. Ал унаа алгач Улуттук коопсуздук комитетине таандык экени айтылган эле. Бирок УКМК бул маалыматты четке какты. Айдоочунун айтымында, алар номурду жолдон таап алып, машинага тагып коюптур. Ал эми атайын жабдыктарды колдонууга тыюу салынганын билчү эмес экен.