Атамбаев Арашан айылында Курман айт намазын окуду

1021

Президент Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылындагы мечитте Курман айт намазга катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, намаз окулуп бүткөндөн кийин мамлекет жетекчиси «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, 2010-жылдын 7-апрелинде жана 1916-жылы үркүндө курман болгондорго куран окулду.