Атамбаев: «Арзан турак жай» программасы бир үйдү куруу менен чектелбеши керек

1336

Алмазбек Атамбаев Нарын облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарында  көп батирлүү турак үй курулчу жерге капсула салуу аземине катышты. Мамлекет башчысы үйдүн курулуш  долбоору менен таанышып,  сөз сүйлөдү. Атамбаев өз сөзүндө  өлкөнүн аймактарында социалдык турак жай  куруу боюнча масштабдуу долбоор Нарын шаарынан башталгандыгын белгиледи.

“Бирок «Арзан турак жай 2015-2020” программасы Нарында бир үйдү куруу менен чектелбеши керек.  Курулуш иштери  тынымсыз жүргүзүлүүгө тийиш.  Нарын шаарынын көркү  жакында  жакшы жагына өзгөрө баштайт. Калкты  арзан турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин негизги  милдеттеринин бири болууга тийиш.

Жакынкы 5-10 жылда  биз бардык муктаж болгондорго жана бюджет тармагынын кызматкерлерине социалдык турак жайлардын тартыштыгын  жоюуга  милдеттүүбүз”, -деди мамлекет башчысы.