Атамбаев бир жумадан соң камалабы? (видео)

1010

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийликте тургандагы ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын биринчи отуруму болду. Анда төрагалыкка ата мекенчи Каныбек Иманалиев шайланды. Биринчи жыйын жабык эшик артында өттү.

Депутаттык комиссия дүйшөмбү күнү кайрадан чогулуп, экперттердин, юристтердин пикирин угушат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу үчүн убактылуу комиссия түзүлгөн. Эл өкүлдөрү 7 күндүн ичинде жыйынтыгын бериши керек.