Атамбаев боюнча комиссиянын бүтүмүн 100 депутат колдоду (видео)

544

«Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу жана ага күнөө коюу жөнүндө» токтомду Жогорку Кеңештин 100 депутаты колдоду. Ал эми 5 парламентарий каршы пикирин билдирди. Эми депутаттык комиссиянын корутундусунда көрсөтүлгөн 6 пункт боюнча Башкы прокуратура иликтөө иштерин баштайт.

Эгер Атамбаев кайсы бир ишке шектеле турган болсо, башкы көзөмөл орган аны кол тийбестиктен ажыратуу өтүнүчү менен кайра Жогорку Кеңешке кайрылат. Эмитеден эле 3 чуулгандуу иш боюнча экс-президентке каршы көрсөтмө бар экени белгилүү.