Атамбаев: Бул визит боордош элдин ортосундагы жаңы доорду ачып жатат (видео)

1144

Кыргызстан менен Өзбекстандын эли бул жолугушууну 25 жыл күтүшкөн. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзиеёв менен «Ала-Арча» резиденциясында жолугушууда билдирди. Анын айтымында, Мирзиеёвдин мамлекеттик сапары эки өлкө үчүн тең тарыхый болуп эсептелет. Бул визит көп маселелерди чечип бир тууган элдин ортосундагы жаңы доорду ачып жатат. Өз кезегинде Шавкат Миромонович Кыргызстан-Өзбекстандын стратегиялык өнөктөшү экенин билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн чек арасы-достук чек арасы болушу керек. 25 жыл ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы маселелерди чечүү жылдарга созулуп, бирок эки эл каалаган жыйынтыкты берген эмес. Самарканддагы жолугушуу алаканы бекемдөөгө жаңы дем берди, деди Шавкат Мирзиеев. Кыргызстан менен Өзбекстан эли тарыхый окуяга күбө болду. Президенттер көптөн көп күткөн чек ара боюнча келишимге кол коюшту.