Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясына катышты

838

Президент Алмазбек Атамбаев Нью-Йоркто БУУнун Генералдык ассамблеясынын 72-сессиясынын жалпы дебаттарынын расмий ачылышына катышты. Азыркы дебаттардын темасы  “Көңүлдү адамга  буруу менен: жашоого жөндөмдүү планетада бардыгы үчүн  тынчтыкты жана татыктуу турмушту камсыз кылууга умтулууда”.

БУУнун Генералдык ассамблеясынын  жалпы дебаттарынын алкагында  БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш,  АКШнын президенти Дональд Трамп жана башка бир катар дүйнөлүк лидерлер чыгып сүйлөштү.