Атамбаев кармалдыбы? Экс-президент өзү эмне дейт? (видео)

750

Парламент экс-президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча документти үчүнчү окууда жактырды. «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери тууралуу» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мурдагы мамлекет башчыларын кылмыш жоопкерчиликке тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу менен кол тийбестиктен ажыратууга жол ачылат. Мындан тышкары, экс-президент саясатка аралашып, мамлекеттик кызматка умтулса дагы иммунитеттен жана башка артыкчылыктардан кол жууйт. Бул документти 111 депутат колдоп, үчөө каршы добуш берди. Эми өлкө жетекчиси кол койсо, күчүнө кирет.

Экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу демилгеси Бишкек жылуулук борборун жаңылоодогу коррупциялык иштер аныкталып, ага мурдагы бийлик учурунда чоң кызматтарда отургандар шектелгенден кийин көтөрүлө баштаган. Бул мыйзам-долбоору мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге багытталганы айтылып келет. Бирок аталган документ күчүнө кире электе экс-президентти кармоо боюнча атайын операциялар жүрдү деген маалыматтар чыга баштады.