Атамбаев Казакстан менен келишимди денонсациялоо тууралуу мыйзамга кол койду

914

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы «Еразиялык экономикалык биримдикке кирүү шартында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү» тууралуу келишимди денонсациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Ошондой эле, кошуна өлкөдөн 100 миллион долларлык материалдык жана техникалык жардам алуу документи бир тараптуу жокко чыгарылды.

Бул чечим 9-ноябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Эми Тышкы иштер министрлиги Казакстандын өкмөтүнө келишим денонсацияланганын расмий түрдө кабарлашы керек. Эскерте кетсек, 2014-жылы ноябрда Астанада өткөн жыйында Кыргызстан экономикалык биримдикке мүчө болуп киргенден кийин жол картасын ишке ашыруу үчүн Казакстан 100 млн долларлык колдоо көрсөтүүнү убадалап, тараптар макулдашышкан.

Бул тууралуу келишимге жетишүү ар кандай себептерден улам созулуп отуруп, былтыр декабрда гана кол коюлган. Ошондо дагы, Казакстан протоколго өзгөртүү киргизип алгач 41 миллион доллар берүүнү сунуштаган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул каражат дагы Кыргызстанга которулган жок. Ал акчага ветеринардык лабораторияларды куруу пландалган эле.