Атамбаев: «КРӨФнун каражаттары жаңы ишканаларды ачууга жумшалууга тийиш»

946

Атамбаев кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун каражаттары Кыргызстанда жаңы ишканаларды ачууга жумшалууга тийиш деди. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Нарын шаарында  көп батирлүү турак үй курулчу жерге капсула салуу аземинде билдирди.

«Жарандарыбыз  арзан кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, ошону менен региондорубузду жана жалпы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кол кабыш кылышы керек. Бул калкыбызды  жаңы жумушчу орундар менен камсыз кылууга шарт түзөт. Жакынкы жылдары   өлкөбүз түп тамырынан бери  өзгөрөт. Азыр биз ай сайын  жаңы ишканаларды ачып жатабыз, ал эми жакынкы аралыкта мындай окуялар андан дагы тез-тез болот. Бардык жакшы өзгөрүүлөр убакытты жана  чоң күч аракетти талап кылат»,-деп мамлекет башчысы  шаардыктарды  кыргыз-россиялык өнүктүрүү фонду тарабынан  каржыланган бизнес-долбоорлорго активдүү катышууга чакырды.