Атамбаев маданият кызматкерлери үчүн үйдүн курулушу түшкөн жерге капсула салды

800

Президент Алмазбек Атамбаев маданият мекемелеринин кызматкерлери үчүн салына турган көп батирлүү төрт үй курула турган жерге капсула салды. Мамлекет башчысы турак-жайлар курулчу жер жана долбоордун башкы планы менен таанышып чыкты.

Президент өз сөзүндө, маданият чөйрөсүнүн кызматкерлери үчүн үйлөрдүн курулушунун башталышы абдан маанилүү окуя экенин жана мындай социалдык долбоорго мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы көп батирлүү үйлөрдүн курулушун жүргүзүү боюнча бардык жумуштарды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу боюнча тапшырма берди.

Белгилей кетчү нерсе, маданият мекемелеринин кызматкерлери үчүн үйлөрдү курууга 340 миллион сом бөлүнгөн. Көп кабаттуу 4 турак-жай 216 батирге эсептелген.