Атамбаев: Өзбекстан менен чек аранын 84% макулдашылды

1139

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөн районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча өтүп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу айтып берди. Анын билдиришинче, 26 жылдан бери «көйгөйлүү» болуп келген чек ара маселеси учурда чечилип жатат. «Кийинки жумада өлкөгө Өзбекстандын президенти келет. Биздин мамилебиз абдан жакшы. Эки жума мурда эки өлкөнүн премьер-министрлери жолугушуп, чек аранын 84% боюнча макулдашышкан», — деди Атамбаев.

16-августта Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүп, өзбек делегациясын өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов жетектеп келген. Анда мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланган.

Кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырымды түзсө, анын 320 чакырымы же 58 тилкеси талаштуу бойдон калууда.