Атамбаев салдырган «7-апрель шейиттери» мечити камакка алынган жок

988

Башкы прокуратура «7-апрель шейиттери» мечити камакка коюлбаганы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, учурда мечиттин ишмердүүлүгүнө эч кандай тоскоолдук болгон жок. Башкы көзөмөл органы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бул диний жайды кайсы каражатка салганын гана текшерип жатканы белгиленди.

Эске салсак, кечээ «мечит факты жүзүндө Алмазбек Атамбаевге тиешелүү болгон «Форум илимий-өндүрүш фирма» ачык акционердик коомуна катталгандыктан, Биринчи май райондук соту аталган мүлктү камакка алуу чечимин чыгарды», — деген маалымат таратылган болчу.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шектүү катары өтүп жатканын билдирген. Ал иштердин алкагында мурдагы президенттин обьекттери, баалуу кагаздары, акциялары, Кыргызстандын банктарындагы эсептери болуп — жалпысынан 135 мүлкү камакка алынып, 20 — кайра чыгарылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.