Атамбаев сот жыйынына катышуудан кайра баш тартты (видео)

545

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум дагы өтпөй калды. Буга мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин процесске келүүдөн баш тартышы себеп болгон.

Экинчи жолку жараянга дагы катышууга макул болбогон Атамбаев өзү байланышкан ишти караган сотторго ишенбей турганын билдирип жатканы маалымдалды. Биринчи май райондук соттун судьясы токтом кабыл алып, анда тиешелүү кызматтарга айыпталуучуну сот залына алып келүүгө милдеттендирди.