Атамбаев тергөө кызматына суракка үчүнчү ирет барбай койду

670

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев үчүнчү ирет тергөө кызматына суракка барбай койду. Эске салсак, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын өкүлдөрү тиешелүү чакырууну Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирип беришкен.

Ага ылайык, ал бүгүн эртең менен күбө катары суракка келүүгө тийиш болчу. Өткөн аптада да Атамбаевге эки жолу суракка чакыруу берилип, бирок экөөндө тең мурдагы мамлекет жетекчиси барбай койгон.

Эске салсак, 27-июнь күнү Алмазбек Атамбаев экс-президент макамынан ажыратылган. Тиешелүү өтүнүч Жогорку Кеңешке Башкы прокуратура тарабынан келтирилген. Анда Башкы көзөмөл органдын жетекчиси Өткүрбек Жамшитов Алмазбек Атамбаев тергөөчүлөргө суракка чакырылып, ага каршы көрсөтмө бергендер менен көздөштүрүлө турганын айткан.

Ага чейин депутаттык комиссия Алмазбек Атамбаевге 6 айып коюп, Башкы прокуратура анын бешөөнү негиздүү деп тапкан. Анда «экс-президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, ТЭЦке көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон», — деп шек саноого негиз бар деп белгиленген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.