Атамбаев жаңы мектептин ачылышына катышты (видео)

1165

Бүгүн Кыргызстанда билим майрамы белгиленүүдө. Жаңы окуу жылы башталып, өлкөдөгү бардык мектептерде атайын салтанаттар болуп өттү. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, быйыл мектеп босогосун 121 миң бала биринчи жолу аттады. Ал эми окуучулардын жалпы саны 1 миллион 176 миңди түздү. Өлкө боюнча 2236 мектеп болсо, алардын 14ү быйыл пайдаланууга жаңыдан берилди. Мындай окуу жайлардын бири бүгүн Чүй областынын Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда ачылды. Залкар актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун ысымы ыйгарылган мектепте лаборатория, спорттук зал жана китепкана болуп, ал 150 окуучуга эсептелген.