Атамбаев жаңы мектептин пайдубалына капсула салды (видео)

1137

Кыргызстанда эл аралык стандарттар менен заман талабына ылайык болгон мектеп курулат. Анын пайдубалына капсула салуу аземи болуп, ага мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев менен «Газпром» ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер катышты. Жаңы окуу жайы 960 окуучуга ылайыкталып, анда ашкана, спорттук, концерттик залдар гана болбостон, аймагында теннистик корт, атайын лабораториялар, компьютердик класстар да орун алмакчы. Бул окуу жайы, орусиялык газ өндүрүү ишканасынын жардамы менен курулууда. Өз кезегинде мамлекет башчы инвесторлордун бул демилгесин жогору баалап, өлкөдө мындай мектептердин көп болушун каалады.