Атамбаев жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрдү (видео)

841

Президент парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатууга каршы. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев бүгүн жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бара-бара Жогорку Кеңештин депутаттарын 4 жылдык мөөнөткө шайлоого өтүү керек. Маалымат жыйынында кетип жаткан президентке эл аралык мамиледен баштап, үй-бүлөсүнө чейин байланышкан суроолор узатылды. Мамлекет жетекчисинин айтымында, ал алты жыл өлкөнү башкарып абдан чарчады. Инаугурациядан кийин 3-4 жумага чет өлкөгө барып эс алаарын билдирди. Атамбаевдин билдирүүсүндө, Кыргызстанда сот реформасы ишке ашып жатат. Коомчулукта талкууланып жаткан мөңгү маселеси дагы көтөрүлүп, президент мыйзам-долбоору анын колуна келгенин учурда изилдеп, анан чечим кабыл алаарын айтты.