Атамбаевдин экс-жан сакчысы Сагымбаев Алга Кылычев менен беттешпейт

931

Мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин экс-жан сакчысы, УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев Алга Кылычев менен беттешүүдөн баш тартты.

Бул тууралуу аскер кызматкеринин жактоочусу билдирди. Бирок адвокаттын айтымында, Сагымбаев тергөөнүн бардык суроолоруна жооп берүүгө даяр. Учурда ага карата бир катар экспертизаларды жүргүзүү боюнча токтом чыгарылган.

Белгилей кетсек, Канат Сагымбаев «массалык башаламандык уюштуруу», «кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «топтошуп алып киши өлтүрүү» жана «тергөөчүнүн же башка бийлик адамынын ишмердүүлүгүнө бут тосуу» беренелери менен айыпталууда.

Ал эми буга чейин Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычев, мурдагы мамлекет башчысына жана КСДПнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгырчиев, Мээрбек Мискенбаев жана Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевге карата каршы көрсөтмө берип жатканы белгилүү болгон. Кылычев Атамбаев бийликти басып алып, төңкөрүш кылууну пландап жатканын билдирген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.