Атамбаевдин иш бөлмөсүнө тыңшоочу аппараттарды коюу аракети болду

842

Бул туурасында айтылган видео интернетке жарыяланды. Өзүн Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсү катары тааныштырган адам УКМКнын кызматкерлери кызматташууга чакырганын айтууда. Ал атайын кызматтын өкүлдөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюуну талап кылышканын билдирди.

Бирок алардын бул операциясы ишке ашкан жок, дейт ал. Тасмада Форум ишканасынын IT-адисимин деген адам экс-президенттин кабинетине орнот деп бергени айтылган электр улоочу зымдын ичин ачып тыңшоочу аппаратты таап чыкканы көрсөтүлгөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.