Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычев КСДП мүчөлөрүнө каршы көрсөтмө берди

820

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын бири Алга Кылычев мурдагы президентке жана КСДП партиясынын мүчөлөрүнө каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

Жактоочунун оюнда, Алга Кылычев тергөө менен кызматташууга макулдугун берген болушу мүмкүн. Кылычев Алмазбек Атамбаев бийликти басып алып, мамлекеттик төңкөрүш жасагысы келген деп билдиргени айтылууда.

Ошондой эле ал КСДПнын активдүү мүчөлөрү Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгырчиев, Мээрбек Мискенбаев жана Алмазбек Атамбаедин жансакчысы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмөсүн бериптир. Анын айтымында, бул адамдар да массалык башаламандык уюштуруп, адамдарды барымтага алууга катышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.