Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеевдин байлыгы (видео)

1017

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеев суракка чакырыла элек. УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси «мыйзамсыз байыган» деп күнөөлөнүп жатат. Буга чейин Башкы прокуратура Мусакеевдин 7 жыл аралыгында сатып алган 20 миллион сомдук кыймылсыз мүлкүн жарыялаган.

Буга жооп кылган экс-президенттин жан сакчысы ал турак жайлардын баары атасыныкы, бир туугандарыныкы экенин айтып, көрсөтүп берген. Андан көп узабай эле Башкы прокуратура Дамир Мусакеевге таандык делген башка дагы байлыктарды ачыктады.