Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев эки суткага камакка алынды

623

Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болуп иштеген УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев камакка алынды. Ал Аскер прокуратурасынын Бишкек гарнизонуна 2 суткага киргизилди. 5 күн мурда Канат Сагымбаев мамлекеттик күзөт кызматындагы жумушунан бошотулган болчу. УКМК муну кызматтык дал келбестиги менен түшүндүрүлгөн.

Буга чейин атайын өздүк коопсуздук кызматы тарабынан мурдагы президенттин жан сакчысына карата эки кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн. Июль айында Канат Сагымбаев объектини кайтарбаган учурда атайын техниканы гаражга тапшыруу көрсөтмөсүн аткарбай койгону айтылган. Учурда ал бир нече кылмышка шектелип жатканы маалым болду.

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаев массалык башаламандык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, топ адамдар менен адам өлтүрүүгө катышуу жана тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратуу беренелери боюнча айыпталып жатат.

Болжолдуу маалыматтарга таянсак, ал “Альфа” атайын даярдыктагы бөлүктүн подполковниги Үсөн Ниязбековдун да өлүмүнө күнөөлөнүп жатканы айтылууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.