Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин соту 23-майда улантылат

1141

Аскер прокурору экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевди 5 жылга кесүүнү жана 70 миң айып өндүрүүнү суранды. Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунда УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеевдин кылмыш иши боюнча соттук отурум болуп өттү. Анда кийинки соттук отурум 23-майда улантылары белгилүү болду.

Эске салсак, Дамир Мусакеев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айыпталууда. Ал УКМКнын 9-башкармалыгын жетектеп турганда кызматтык батирлерди туура эмес бөлүштүргөн деп шектелүүдө.

Мындан тышкары, Башкы Прокуратура Дамир Мусакеевге карата сотко чейинки өндүрүш баштап, мурдагы жетекчи «Мыйзамсыз байыганы» белгиленүүдө. Ага ылайык, Мусакеевдин жалпы наркы 20 миллион сомду түзгөн кыймылсыз мүлктөрү 2010-2017-жылдары сатылып алыныптыр. Бирок атайын кызматтын мурдагы өкүлү ал мүлктөр ата-энесинин жана туугандарыныкы экенин айтууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.