Атамбаевге адам өлүмүнө шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама берилди

3953

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Альфа» атайын даярдыктагы түзүмүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбековдун өлүмүнө шектелип жатканы тууралуу маалымдама жактоочусу Сергей Слесаревдун катышуусунда тапшырылганын Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Кечээ айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына Алмазбек Атамбаевдин дагы бир адвокаты Замир Жоошев, мурдагы президентке Үсөн Ниязбековдун өлтүрүлүшү боюнча расмий түрдө айып тагылган эместигин билдирген.

Эске салсак, 7-8-августта Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргүзүлүп, анын кесепетинен 136 киши жаракат алып, «Альфа» атайын даярдыктагы түзүмүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков каза болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.