Атамбаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында Субихи Пархати кармалды

670

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата ачылган кылмыш ишинин алкагында бизнесмен Субихи Пархати кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.

Ага ылайык, Субихи Пархатиге «коррупция», «кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу» жана «кылмышка катышуу» беренелери менен кылмыш жасаганга шектелип жатканы боюнча билдирме тапшырылган. Ошондой эле Биринчи май райондук соту ишкерге карата өлкөдөн чыгып кетпөө боюнча бөгөт чарасын чыгарган.

Эске салсак, 2017-жылы Алмазбек Атамбаев «Форум» жоопкерчилиги чектелген коомун Субихи Пархати аттуу ишкерге 54 миллион сомго сатканы белгиленген. Бул декларацияда көрсөтүлгөнү менен сатып алуу документтеринде бизнесмендин төлөй алуу мүмкүнчүлүгү жана акчанын булагы көрсөтүлгөн эмес.

Субихи Пархати «Хуасинь» инвестициялык компаниясы жана «Азия профессионал» жоопкерчилиги чектелген коомунун ээси. Бирок расмий документтерге ылайык, алар иштебейт жана түшкөн пайдадан салык төккөн эмес.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.