Атасындай болгон кишини урган адамга кылмыш иши козголду (видео)

846

Бишкекте автоунаа токтотуучу жайдын кызматкерин уруп-сабаган адам кармалды. Ал Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Эске салсак, кечээ социалдык тармакта видео тарап, анда айдоочу автоунаа токтоткон жайда иштеген адамды сабап жатканын көрүүгө болот. Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу машинасы менен кызматкерди сүзүп алганда, ал автоунааны чаап жиберген. Машинанын ээси буга ачууланып, кызматкерди кеп-сөзгө келбей ургулай баштаган.