Ататүрк сейил багы: хан сарайлар калат, кепе тамдар бузулат (видео)

760

Бишкек шаарындагы Ататүрк сейил багында жашап жаткан бир нече үй-бүлө турак-жайсыз калганы турат. Түштүк магистраль көчөсүндө жаңы салынган сейил бакты улантып куруу максатында шаар мэриясы бул жердеги мыйзамсыз курулган үйлөрдү түрттүрө баштады. Апта башында бир нече күркө, тосмолор жана төрт турак-жай бузулган.

Бирок сейил бактын жашоочулары калаа бийлиги адилетсиз иш жүргүзүп жатат деп нааразы болушууда. Себеби жаңы паркты салуу үчүн кепе тамдар гана түрттүрүлүп, эч кандай компенсация төлөнбөйт экен. Ал эми Ататүрктүн айланасындагы хан сарайлар ордунда калат.