Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз салынган объектилер түрттүрүлүүдө

618

Муну менен катар эле уруксат берүүчү документтери жок салынган турак-жайлар, темир тосмолор жана чарбалык курулуштар дагы бузула баштады. Бул иштер Түштүк магистраль жаңы бакчасын улантып куруу үчүн жасалып жатат.

Бир жума мурда ушул эле Ататүрк  сейил багында мыйзамсыз курулган сегиз күркө алынган. Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы берген маалыматка таянсак, Ататүрк паркынын аймагындагы турак-жайлар 2006-жылы ошол учурдагы калаа жетекчиси тарабынан мамлекеттик ишмерлерге берилип, аларда уруксат кагаздарынан тарта кызыл китептерине чейин бар экен.

Аталган маселе боюнча мэрия убагында сотко да кайрылган, бирок фемида өкүлдөрү 51 жер тилкенин кожоюндарынын пайдасына чечип берген. Ошол себептен Бишкек шаардык мэриясы алардын мыйзамсыз салынганын билип турса да, чара көрө албай жатканын моюндады.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.