Аткаминер 520 миң доллар параны кимден алган? (видео)

700

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов отставкага кетиши керек! Мындай талапты Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары айтып чыгышты. Алардын пикиринде, министрдин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүп жатса, Калиловдун жетекчилик кызматта отуруусу моралдык жактан туура эмес. Министр өзү болсо орун басары боюнча комментарий берип, бул кабар ал үчүн күтүүсүз болгонун айтууда.

Ал арада ири суммадагы пара алган деп шектелген министрдин орун басарынын иши боюнча иште жаңы ысымдар аталып, Жусубалиевди кармоо учуру тартылган видеотасма тарады. Анда чет элдик компаниялардын өкүлдөрүнүн ысымдары да аталууда. Пара алды деп шектелип жаткан жетекчи, жалпысынан 520 миң доллар параны кайсы иш үчүн сураган?