Аткаминер кызматкер кызды мейманканага чакырды (видео)

378

Геологиялык-экономикалык изилдөөлөр мамлекеттик ишканасынын директору Жаныбек Дүйшеевке карата кылмыш иши козголду. Тартип сакчыларынын айтымында, аталган ишкананын кызматкери аларга 11-октябрда арыз менен кайрылып, анда ал жетекчи тарабынан сексуалдык ыдыкка кабылганын билдирген.

Жабырлануучунун айтымында, Жаныбек Дүйшеев ага чейин дагы башка кесиптешине сексуалдык мүнөздө мамиле жасап, асылган. Ал эми аткаминер болсо, кол алдында иштеген аялга карата жаман ою жок болгонун, болгону аны тамашага салып, чайга чакырганын айтууда.