Аткаминердин канча акчасы бар экени иликтенеби? (видео)

689

Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы бардык банктардан алардын кардарларынын эсептери жана банктык уячалары боюнча маалымат сурады. Бул тууралуу бир катар басылмалар кабарлап, финансы мекемелерине жөнөтүлгөн документтин көчүрмөсү жарыяланды. Ал кагаз «кызматтык колдонуу» үчүн экендиги көрсөтүлүп жана «абдан маанилүү» деген белги коюлган.

Документке ылайык бул иш-аракеттер «террористтик уюмдарды каржылоону жана кылмыштуу жолдор менен келген каражаттарды адалдоону алдын алуу» беренесинин аткарылышын камсыздоо максатында жасалып жатыптыр. Ал арада Банктар Биримдигинин өкүлдөрү бул иш-чара баш мыйзамга каршы келип, банк системасынын беделине шек келтирет деген пикирлерин айтып чыгышты.