Аткаминердин кийимине асылган депутаттар сынга кабылды (видео)

578

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров кесиптик техникалык билим берүү агенттигинин кызматкери Талантбек Тынысовдон кечирим сурады. Эл өкүлү видеокайрылуу жасаганга аргасыз болду. Анткени коомчулукта депутаттардын дарегине катуу сындар жаай баштаган. Вице-спикердин айтымында, кызматкер жыйындан кийими үчүн эмес, суроолорго жооп бере албай, даярдыксыз келгени үчүн чыгарылган.

Ал эми Талантбек Тынысов мамлекеттик кызматкер болгондуктан өзүнө байланыштуу окуяга комментарий берүүдөн тартынууда. Бирок сыркоолоп жаткандыктан, көйнөктүн ордуна жылуу свитер кийип барганын айтат. Парламенттеги бул окуя ансыз да сындар токтобогон Жогорку Кеңеш тууралуу сөздөрдү көбөйттү.