Аткаминерлер 3 жылдын ичинде кыргыз тилин үйрөнүшү керек (видео)

1021

Аткаминерлер 2021-жылга чейин мамлекеттик тилди толук үйрөнүүчү керек. Буга байланыштуу өкмөттүн токтому чыкты. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлер 2018-жылдын март айынан тарта кыргыз тилин билүү боюнча алгачкы баскычтан өтүшү зарыл. Ал эми 2019-жылы орто деңгээлде билүү боюнча сертификат алышы шарт. Бирок сынактан өтпөй калган аткаминерлерге кандай чара колдонулаары азырынча белгисиз. Айрым мамлекеттик кызматкерлер азыртадан даярдык көрүп, кыргызча сөздөрдү жаттай баштаган.