Аткаминерлер чет өлкөгө командировкага чыга албай калдыбы? (видео)

1784

Бюджеттин эсебинен административдик имараттарды капиталдык ремонттон өткөрүүгө тыюу салынды. Ошондой эле, мамлекеттик кызматкерлердин чет өлкөлүк иш сапарларга чыгуусуна чектөөлөр киргизилди. Өлкө бюджетинен кызматтык унаа алууга да болбойт.

Мындай чектөө Финансы министрлиги тарабынан киргизилди. Буга президент Садыр Жапаровдун 3-декабрда чыгарган жарлыгы себеп болгон. Бюджеттик чыгашаларды кыскартууну аткаминерлер кандай кабыл алышууда?