«Аткаминерлерди уяткаруу» системасы ишке кирет (видео)

596

Эгерде кайсы бир жетекчи коррупциялык иштерге аралашып кармалса, ал үчүн түздөн-түз министр да жооп берет. Ушундай маңыздагы мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан иштелип чыгууда. Демилгечилердин айтымында, мындай кадам аткаминерлердин мекемедеги коррупцияны жоюуга кызыкдар болуусун шарттайт. Документке «уяткаруу системасы» деген түшүнүк да киргизилип жатат.

Сунушталып жаткан документ транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун орун басары пара менен кармалгандан кийин актуалдуу боло баштады. Себеби коомчулукта бул үчүн мекеменин жетекчиси өзүнө моралдык жоопкерчилик алып, отставкага кетсин деген талаптар айтылганы менен министр ордун бошоткусу келген жок. Саясий маданиятты өнүктүрүү үчүн кандай аракеттер көрүлө баштады?