Аткаминерлердин декларацияга кирбеген мүлктөрү текшерилет (видео)

1033

Салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин мүлкүн текшерет. Мындай аракеттер парламентарийдин декларацияга киргизилбеген үйү табылды деген маалыматтан кийин башталган. Мекемеден билдиришкендей, 1-июлдан тарта мамлекеттик кызматкерлердин чыгаша жана киреше тууралуу маалыматтары салыштырылат. Эгерде кандайдыр бир айырмачылыктар болсо, анда тийиштүү органдар укуктук баа беришет. Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында Бишкектеги депутат Камчыбек Жолдошбаевдин үйү делген видео чыккан. Бул боюнча эл өкүлү өз оюн билдирип, заңгыраган үй түздөн-түз ага тиешеси жок экенин айтууда.