Аткаминерлердин маянасын теңдеп чыгыш керекпи? (видео)

729

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин маянасын теңдөө демилгеси көтөрүлүүдө. Депутаттардын айтымында, жетекчилер 60 миң, иштин баарын жасаган катардагы кызматкерлердин 5 миң сом айлык алганы туура эмес. Айрыкча, жанын карч уруп кара жумушта иштегендер арзыбаган акча алып, ал эми жылуу кабинеттен чыкпай, кымбат баалуу машиналарды тепкен ак кол аткаминерлердин көп маяна алганы акыйкатсыздык, дешет эл өкүлдөрү.

Быйыл мамлекеттик кызматкерлердин маяналарына бюджеттен 41 миллиард сом бөлүнгөн. Кийинки жылга бул сумма дагы бир миллиард сомго көбөйтүлүүдө. Учурда Улуттук банктын төрагасы, мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси, Улуттук энергохолдингтин башчысы жана элчилер эн көп маяна алышат.