Аткаминерлердин саны азаят (видео)

3634

Аткаминерлердин армиясы азайып, министрликтердеги бири-бирин кайталаган функциялар жоюлат. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жакын арада мамлекеттик мекемелерди реформалоо иштери баштала турганын билдирди. Айтымында учурда кызматтык дайындоолор саясий макулдашуулардын негизинде жүрүп жатыптыр.

Реформалар башталса, алардын баары кайрадан конкурстук негизде тандалууга тийиш экен. Мындай демилгени коомчулукта кубаттагандар бар. Бирок реформанын жүрүшүндө кайра эле тууган-урук, тааныш-билиштикке салбай, кадрдын кесипкойлүгүнө, жемкорлукка малынбаганына көңүл бурулса дешет.