Аткезчилерге эми кандай мамиле болот? (видео)

891

Буга чейин Бажы тармагында жыл сайын 10,5 миллиард сом кимдин чөнтөгүнө түшүп турган? Бул суроо Жогорку Кеңеште мамлекеттик бажы кызматынын башчысына берилди. Отурумда Кылмыш кодексинин «салык төлөөдөн качуу» беренесине өзгөртүүлөр биринчи окууда каралды. Демилгечилер салык төлөөдөн качкан аткезчилер келтирген чыгымды толугу менен төлөтүп, андан соң аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууну токтотууну сунушташууда. Бир топ депутаттар бул сунушту колдошуп, демилге экономикалык жактан дагы пайдалуу экенин айтышууда. Бирок ошону менен бирге, бул норманын ишке кириши менен, айып төлөп гана кутулуп кетүүнү каалаган таза эмес ишкерлердин саны көбөйтүп кетиши ыктымал деген дагы кооптонуулар бар.