Аткезчилик менен ташылып келаткан наркы 3 млн. сомдук телефон кармалды

840

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аткезчилик жолу менен ташылып келе жаткан наркы 3 миллион сомдук телефон товарын кармады.

ЕАЭБдин аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, 16-сентябрь күнү Ош шаарында Лексус унаасы токтотулган.

Машинанын салонун текшерген учурда тиешелүү документтери жок болгон 230 чөнтөк телефон табылган. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тийиштүү мекемеге өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.