Аткезчилик жолу менен өлкөгө алынып келген 120 автоунаа кармалды

1010

Аткезчилик жолу менен өлкөгө алынып келген кымбат баалуу автоунаа кармалды. Финансы полициясынын билдирүүсүнө караганда, аны алып кирүүдөн мамлекеттик бюджетке 1 миллион 979 миң сом зыян келтирилген. «Лексус ЖИ ИКС 470» үлгүсүндөгү автоунаа буга чейин ачыкталган коррупциялык схеманын негизинде Кыргызстанга киргизилген.

Маалыматка караганда, машина жасалма документтер менен былтыр киргизилип, Каракол шаарында каттоодон өткөн. Кылмышты жашыруу максатында тиешелүү мамлекетик органдарда бир нече жолу кайра каттоодон өткөрүлгөнү да маалым болду.

Бул факты боюнча «кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «аткезчилик» жана «документтерди жасалмалоо» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Эске салсак, буга чейин автоунааларды контрабандалык жол менен алып кирген коррупциялык схема аныкталган. Анын негизинде 120дан ашуун автоунаа камакка алынган.