Аткезчилик жүк: уюлдук телефондордун кезектеги ири партиясы кармалды

1154

Аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан кымбат баалуу уюлдук телефондордун кезектеги ири партиясы кармалды. Бажы кызматынан билдиришкендей, товар дүйнөлүк бренддеги Самсунг смартфондору, Айфон жана Ксиоми үлгүсүндөгү аппараттардан турат.

Контрабандалык жүктө 1184 даана чөнтөк телефону болгон. Анын наркы — 24 миллион сомго жетет. Ошондо өлкө бюджетине бажы төлөмдөрүнөн түшпөй калган сумма 3 миллион сомду түзөт.

Эске салсак, бир жума мурда эле бажы кызматкерлери жалпы баасы 30 миллион сом болгон уюлдук телефондордун партиясын өлкөгө мыйзамсыз киргизип жибергени аныкталган. Алар бажы төлөмдөрүн арзаныраак төлөш үчүн жүктү башка товар катары каттап коюшкан.