Аты жок көчөлөр кыргыздын нукура сөздөрү менен аталат (видео)

3944

Көөкөр, комуз, кара жорго жана зергер. Эми Бишкек шаарында дал ушундай аталыштагы көчөлөр пайда болот. Жаңы конуштарда жана кичи райондордо жайгашкан аталышы жок көчөлөргө өзгөчө аттарды ыйгаруу каралууда.

Арасында улуттук музыкалык аспаптардын аталышынан тарта, кыргыз эли кылымдап колдонуп келген буюмдарды жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын дагы аттары бар. Мындай аттар шаар боюнча 76 көчөгө ыйгарылат.