Атын өзгөртүүдөн коррупция тыйылабы? (видео)

646

Өкмөт автоунааларды каттап, айдоочулук күбөлүк  берген «Унаа» деген аталыштагы жаңы мекеме түздү. Буга байланыштуу 21-декабрда өкмөт башчы кеңешме өткөрдү. Траспорт каражаттарын каттоо боюнча азыркы департаментте кызмат көрсөтүү башаламандык, коррупциялык көрүнүштөр менен коштолуп жаткандыктан жарандар нааразы болуп, өкмөт ушундай кадамга барууга аргасыз болуп жатканы айтылды.

Деген менен адистер баардык мүлктөрдү каттап, жарандарга айдоочулук күбөлүк паспорт берген Мамлекеттик каттоо кызматы дагы учурунда ушундай жакшы максаттар менен уюшулганын көпчүлүктүн эсине салышууда.