Аудиторлор мамлекетке 17 млн сомдон ашуун зыян келтирилгенин аныкташты

555

Жалал-Абаддагы балдардын психо-неврологиялык ооруканасынын курулушунан жергиликтуу аткаминерлер мамлекетке 17 миллион сомдук чыгым келтирген деп шектелип жатат.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын маалыматына караганда, Жалал-Абад облустук турак жай жана жарандык курулуш департаментинин капиталдык курулуш башкармалыгы оорукана куруу үчүн өткөн жылдын март айында тендер жарыялаган.

Бирок компаниялардын бири анын жыйынтыгы менен макул эместигин айтып чыккан. Мындан улам түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия аталган башкармалыкка «Мамлекеттик сатып алуулар боюнча» мыйзамдын чегинде чечим кабыл алууну талап кылган.

Бирок башкармалык комиссиянын талабын аткарбай, тендердин жеңүүчүсү менен келишим түзүп койгон. Аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке 17 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени аныкталды. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөлөр жүрүүдө.