Ауэзов көчөсүндөгү турак жайды курууда мыйзам бузуулар аныкталган

659

Прокуратура Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен Бишкекархитектуранын кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоду. Текшерүүнүн жүрүшүндө, борбор калаанын Ауэзов көчөсүндө жайгашкан алты кабат турак жайды курууда мыйзам бузуулар табылган. Имарат салынып жаткан объектилердин тизмесине киргизилген эмес.

Курулуш ишин жүргүзүүгө «эрежелер бузулуп, мүчүлүштүктөргө жол берилген, ошондой эле, үйдү салууга уруксат берүүчү документи жок аяктаган. Бул ишке эки органдын жооптуу адамдары шектелүүдө. Тиешелүү материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.