Аутизм менен жабыркаган балдар сүрөт тартууну өздөштүрүүдө (видео)

3482

Дүйнө кабылдоосу өзгөчө балдарга өзгөчө ыкма менен сабак өтүү. 2 күн мурда аутизм менен жабыркаган балдардын сүрөт сабагы болуп өттү. Иш-чара Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде уюштурулган.

Ага өлкөдөгү аутизм менен жабыркаган 70тей бала ата-энелери менен бирге чакырылды. Уюштуруучулардын айтымында, иш чаранын негизги максаты — «жамгыр балдарынын» башка бөбөктөргө аралашып кетүүсү.