Авангарддын бассейни урады (видео)

762

Кечээ түштөн кийин саат экилер чамасында Бишкектин Аалы Токомбаев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан имараттын бир бөлүгү урап түштү. Бул кырсыктан жабыркаган 11 жумушчу ооруканага жеткирилди. Алардын экөө оор абалда реанимацияда. Кырсык болгон жерде кинологдор ит менен издөө жүргүзүшкөнү белгилүү болду. Маалыматтарга караганда, курулуштун экинчи кабатына бетон куюлуп жатканда, анын оордугун түркүктөр көтөрө албай, темир конструкциялар урап түшкөн. Кырсык болгон жерге тез жардам жана куткаруучулардан тышкары, милиция дагы барганы белгилүү болду.